2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды (Кыргыз Республикасынын «Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдарына) экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Бул мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан кеңири колдоого алынгандыгын жана сот системасын кадрдык жактан чыңдоо боюнча шашылыш чаралардын зарылдыгын таанууну күбөлөндүрөт. Мыйзам долбоору жергиликтүү соттордун судьяларын тандоо жол-жобосунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга, сот системасынын ишинде туруктуулукту камсыз кылууга жана анын кадрдык потенциалын чыңдоого багытталган.
Негизги жаңылык — жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резерви институтун киргизүү. Жаңы механизм бош кызмат орундары пайда болгон сайын кыска мөөнөттө судьянын милдетин аткарууга даяр болгон квалификациялуу адистердин тизмесин алдын ала түзүүгө мүмкүндүк берет.
Укук колдонуу практикасы судьяларды тандоонун учурдагы процесси узак убакытка созулушу мүмкүн экенин көрсөттү. Мындай кечигүүлөр кадрдык жетишсиздикке, иштеп жаткан судьялардын ашыкча жүктөлүшүнө, иштерди кароо мөөнөттөрүнүн создугушуна жана натыйжада жарандардын сот системасына болгон ишениминин төмөндөшүнө алып келет. Резервди киргизүү бош кызмат орундарын ээлөөгө кеткен убакытты кыйла кыскартууга жана сот системасынын туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш кадрдык резервге талапкерлерди киргизүү боюнча конкурс өткөрөт. Тандалган талапкерлер Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окуудан өтүшөт жана жалпы юрисдикциядагы соттордо стажировкадан өтүшөт.
Бош кызмат орду пайда болгон учурда, резервдеги талапкер (кезекке жана рейтингге ылайык) дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлөт. Резервде болуу мөөнөтү эки жылдан ашпайт, бул кесиптик билимдердин актуалдуулугун жана практикалык көндүмдөрдүн сакталышын камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Соттор кеңеши менен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин биргелешкен ишинин жыйынтыгында судьяларды тандоо системасындагы учурдагы көйгөйлөргө талдоо жүргүзүлүп, укук колдонуу практикасы жалпыланып, эл аралык тажрыйба (Германия, Франция, Өзбекстан, Молдова) изилденди. Ушул иштин негизинде судьяларды тандоонун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тең салмактуу чечим катары кадрдык резерв институтун киргизүүнү караган өзгөртүүлөрдүн долбоору иштелип чыкты.