Компьютердик тестирлөөнү өткөрүү процедурасы боюнча бирдиктүү талаптарды сактоону жана талаш жараткан маселелерди чечүү максатында төмөнкү курамда Чыр-чатактарды чечүү комиссиясы түзүлдү:
- Арстанбаева Дилара Эркиновна — комиссиянын төрайымы;
- Асанова Нургуль Молдобековна — комиссиянын мүчөсү;
- Чотонов Санжар Бейшенкулович — комиссиянын мүчөсү.
Ошондой эле төмөнкү жумушчу топтор түзүлдү:
Нормативдик-укуктук актылардын долбоорлору жана Кеңештин инструментарийи менен иштөө боюнча жумушчу топ (анын ичинде: конкурстук тандоо жөнүндө жобону, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин регламентин иштеп чыгуу, ошондой эле маектешүү, компьютердик тестирлөө жана жазуу жүзүндөгү тапшырма маселелери боюнча), анын курамына төмөнкүлөр кирди:
- Түлөбаев Балбак Зарлыкович — жумушчу топтун жетекчиси;
- Касымалиев Мукамбет Шадыканович — жумушчу топтун мүчөсү;
- Молдакунов Айбек Карыбекович — жумушчу топтун мүчөсү;
- Барыктабасова Эльмира Бектургановна — жумушчу топтун мүчөсү.
Мамлекеттик органдардын, жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары менен иштөө боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда:
- Рыскулова Айжан Рыспековна — жумушчу топтун жетекчиси;
- Кадырова Гулназ Кубанычбековна — жумушчу топтун мүчөсү;
- Каримов Акыйкат Бакказович — жумушчу топтун мүчөсү.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жана Кеңештин сайты менен иштөө боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда:
- Чотонов Санжар Бейшенкулович — жумушчу топтун жетекчиси;
- Кадырова Гулназ Кубанычбековна — жумушчу топтун мүчөсү;
- Рыскулова Айжан Рыспековна — жумушчу топтун мүчөсү.