Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьяларынын эки бош кызмат орундарына конкурстук тандоону өткөрүүдө.
Конкурстук тандоонун алкагында талапкерлер конкреттүү укуктук жагдайларды чечүүгө багытталган жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышат жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык алардын кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын баалоо үчүн аңгемелешүүдөн өтүшөт.
Жазуу жүзүндөгү тапшырма талапкерлердин укуктук кырдаалдарды талдоо жана тыянактарды ырааттуу, жүйөлүү жана сабаттуу, документтердин талаптарына ылайык келтирүү жөндөмүн аныктоого багытталган.
Аталган, конкурстук тандоо 2026-жылдын 29-апрелинде аяктайт.
