KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши судьялык кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун жаңы электрондук платформасын тесттик режимде сынактан өткөрдү

10 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши судьялык кызмат орундарга талапкерлерди тандоонун жаңы электрондук платформасын тесттик режимде сынактан өткөрдү.


Тесттик режимдин алкагында жаңы платформанын бардык функционалдык мүмкүнчүлүктөрү текшерилүүдө. Анын ичинде талапкерлерди каттоо, документтерди кабыл алуу, компьютердик тестирлөө, жазуу түрүндөгү тапшырманы аткаруу жана аларды баалоо сыяктуу конкурстук жол-жоболордун ар бир этабы сыноодон өткөрүлүүдө.


Жаңы электрондук система талапкерлерди тандоодо адам факторунун таасирин азайтып, конкурстук процедураларды бирдиктүү санариптик форматта өткөрүүгө жана тандоо процессинин ачык-айкындыгын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.


Айта кетсек, биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлердин резерви институту бош кызмат орундарын ыкчам толтурууга, кадрлардын жетишсиздигин кыскартууга, соттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.


Видеого шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=ky6-1BttD6I