Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлерди тандоо процессине заманбап маалыматтык технологиялар киргизилип, «Түндүк» ААК тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын судьялык кызматына талапкерлерди электрондук тандоо» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (АМТ) пайдаланууга берилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат орундарына конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлөт.
Биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резервине киргизүү үчүн конкурстук тандоого катышуу үчүн арыздар жана документтер «Кыргыз Республикасынын судьялык кызматына талапкерлерди электрондук тандоо» автоматташтырылган маалыматтыктутуму (АМТ) аркылуу электрондук форматта 2026-жылдын 19-августунан 2—сентябрына чейин кошулуп кабыл алынат.
Судьялык кызматка документ тапшыруунун нускамасы: видеого шилтеме https://youtu.be/SBlNiZR7G4U
Арызга тиркелүүчү документтер:
- Кеңеш тарабынан бекитилген формага ылайык толтурулган арыз; Биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлердин резервине талапкерлер үчүн кыргыз тилиндеги арыз
- Кеңеш тарабынан бекитилген формага ылайык толтурулган, талапкердин сүрөтү тиркелген анкета; Биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резервине киргизүү үчүн конкурска катышууга талапкердин Анкетасы
Эскертүү: Конкурстук тандоого катышуу жөнүндө арыздын формасы жана талапкердин анкетасы www.otbor.sot.kg сайтында жайгаштырылган жана жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү бар.
- Паспорттун көчүрмөсү;
- «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими тууралуу дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча «бакалавр» академиялык даражасынын негизинде ыйгарылган «магистр» академиялык даражасы бар жогорку билими тууралуу дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (тиркемеси менен);
- Орто кесиптик жана жогорку окуу жайларын аяктагандыгы жөнүндө архивдик маалымкат;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесиби боюнча иш стажын тастыктаган башка документтер;
- Конкурска катышууга чейин акыркы алты айдын ичинде берилген, талапкердин судьялык кызматка дайындалышына тоскоол болгон оорулары жок экендиги көрсөтүлгөн ден соолугунун абалы жөнүндө №086-1/у үлгүсүндөгү медициналык корутунду (оорулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат). РПН мекемесинен тактамалар. Форма мед. документа №86-1 у
- талапкердин, анын жубайынын ошондой эле жакын туугандарынын 2025-жылдагы кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларация (Салык кызматынын кабыл алгандыгы жөнүндө мөөрү менен);
- эгерде декларант алардын негизги чыгымдарын көтөрүп жатса, талапкердин жубайынын жана жакын туугандарынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алардын мүлкү жөнүндө маалымат алууга макулдугу жөнүндө билдирүү;
- акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө;
- мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат;
Эскертүү: жакын туугандарга: ата-энелер, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ага-инилер жана эже-сиңдилер кирет.
- Арызга талапкердин акыркы беш жылдагы кесиптик сапаттарын мүнөздөгөн башка документтер (пикирлер, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттар, мамлекеттик сыйлыктар жана башка сыйлыктар, сот системасын өнүктүрүүгө багытталган иштерге катышуу жөнүндө маалыматтар ж.б.) тиркелиши мүмкүн;
Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер, «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттигинен талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө арыздын бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
2) жашы – 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес;
3) «юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;
4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар;
5) мамлекеттик жана расмий тилдерди билген.
Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кеңеш тарабынан мамлекеттик мекемелерден суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
Талапкерлер кошумча маалыматты 0558 58-01-57 жана 0312 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg
