Чүй облусу боюнча:
— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;
— Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;
— Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;
— Чүй облусунун Административдик сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;
Ош облусу боюнча:
— Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;
— Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна;
— Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна;
Жалал-Абад облусу боюнча:
— Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;
Талас облусу боюнча:
— Талас облусунун административдик сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;
Баткен облусу боюнча:
— Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна;
Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 18 календардык күндүн ичинде, 2025-жылдын 9-декабрынан 26-декабрына чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 1-кабат дарегинде жүргүзөт.
Талапкерлер кошумча маалыматты (0558) 58-01-57 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg
Арызга төмөнкү документтер тиркелет (арыздардын үлгүлөрү https://otbor.sot.kg/post/formy-zayavlenij):
1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана;
2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана жогорку окуу жайынан архивдик маалымкаттын көчүрмөсү;
3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер;
4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар https://otbor.sot.kg/post/utverzhdena-novaya-forma-meditsinskogo-dokumenta-dlya-prohozhdeniya-meditsinskogo-osvidetelstvovaniya-kandidatov-na-dolzhnost-sude);
5) мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат;
Эскертүү: жакын туугандарга: жубайы, ата-энелер, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ага-инилер жана эже-сиңдилер кирет.
7) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар;
8) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 1 даана;
9) 2024-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;
10) калыптык нускама – 1 даана; Судьялык кызмат орунга талапкерлерге арыз, анкета толтуруу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: https://otbor.sot.kg/post/forma-ankety
11) арызга тиркелген документтердин тизмеси;
12) тиркеме папка.
13) маалымкат-объективка (укук коргоо органдарынын кызматкерлерине).
Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип, «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттигинен талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө арыздын бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттагы төмөнкү шитлтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот https://otbor.sot.kg/post/formy-ankety).
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
2) жашы – 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес;
3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;
4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар.
Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кеңеш тарабынан мамлекеттик мекемелерден суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
