KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна конкурстук тандоо жарыялайт

28 июля 2026

Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлерди тандоо процессине заманбап маалыматтык технологиялар киргизилип, «Түндүк» ААК тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (АМТ) өндүрүштүк пайдаланууга берилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат орундарына конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлөт.


Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышуу үчүн арыздар жана документтер «Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (АМТ) аркылуу электрондук форматта 2026-жылдын 4-августунан 17-августуна чейин (кошуп санаганда) кабыл алынат.


Судьялык кызматка документ тапшыруунун нускамасы: видеого шилтеме  https://youtu.be/SBlNiZR7G4U 


Арызга тиркелүүчү документтер:



  1. Кеңеш тарабынан бекитилген формага ылайык толтурулган арыз; Арыз кыргыз тилинде (КР КС)

  2. Кеңеш тарабынан бекитилген формага ылайык толтурулган, талапкердин сүрөтү тиркелген анкета; КР КС судьясынын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкердин анкетасы


Эскертүү: Конкурстук тандоого катышуу жөнүндө арыздын формасы жана талапкердин анкетасы www.otbor.sot.kg сайтында жайгаштырылган жана жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү бар.


3. Паспорттун көчүрмөсү;


4. «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими тууралуу дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча «бакалавр» академиялык даражасынын негизинде ыйгарылган «магистр» академиялык даражасы бар жогорку билими тууралуу дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (тиркемеси менен);


5. Орто кесиптик жана жогорку окуу жайларын аяктагандыгы жөнүндө архивдик маалымкат;


6. эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесиби боюнча иш стажын тастыктаган башка документтер;


7. Конкурска катышууга чейин акыркы алты айдын ичинде берилген, талапкердин судьялык кызматка дайындалышына тоскоол болгон оорулары жок экендиги көрсөтүлгөн ден соолугунун абалы жөнүндө №086-1/у үлгүсүндөгү медициналык корутунду (оорулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат).   РПН мекемесинен тактамалар.  Форма мед. документа №86-1 у


8. талапкердин, анын жубайынын ошондой эле жакын туугандарынын 2025-жылдагы кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларация (Салык кызматынын кабыл алгандыгы жөнүндө мөөрү менен);


9. эгерде декларант алардын негизги чыгымдарын көтөрүп жатса, талапкердин жубайынын жана жакын туугандарынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алардын мүлкү жөнүндө маалымат алууга макулдугу жөнүндө билдирүү;



  1. акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө;

  2. мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

  3. талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат;


Эскертүү: жакын туугандарга: ата-энелер, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ага-инилер жана эже-сиңдилер кирет.



  1. Арызга талапкердин акыркы беш жылдагы кесиптик сапаттарын мүнөздөгөн башка документтер (пикирлер, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттар, мамлекеттик сыйлыктар жана башка сыйлыктар, сот тутумун өнүктүрүүгө багытталган иштерге катышкандыгы жөнүндө маалыматтар ж.б.) тиркелиши мүмкүн;


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер  «Судьялык кызмат орунга талапкердин анкетасын» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан, Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттигинен талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө арыздын бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).


 


Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар:


1) Кыргыз Республикасынын жараны;


2) Жашы – 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес;


3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;


4) Юридикалык  кесип боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы;


5) Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кеңеш тарабынан мамлекеттик мекемелерден суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу.


Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку соттун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушуна негизделген президенттин сунуштамасы боюнча, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен жаш курагынын чегине жеткенге чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес бөлүгүнүн добушу менен шайланат.


Талапкерлер кошумча маалыматты (0558) 58-01-57 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алса болот: www.otbor.sot.kg


Көңүл буруңуздар! Конкурстук тандоо Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна жарыяланган. Аталган конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча талапкерлердин резерви түзүлбөйт. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши конкурстук негизде биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат ордуна гана талапкерлердин резервин түзөт.