Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши (мындан ары — Кеңеш) «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16-беренесинин 2- бөлүгүнө ылайык, Кеңештин жыйынында материалдарды кароо ачык өткөрүлөрүн маалымдайт. Жыйналыштын жүрүшүн чагылдырууну каалагандар Кеңешке арыз берүү жолу менен аккредитациядан өтүп, катыша алышат.
Ошону менен бирге регламентке ылайык, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жыйналышка катышууга чакырылган жана аккредитациядан өткөн адамдардын өздүгүн тастыктаган документтерин текшерүү, алып келген буюмдарын кароо жүргүзүлүшү мүмкүн.
Өтүнмөнү sekretariat_18@mail.ru электрондук дарегине жөнөтсө болот.