KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүлдү

13 мая 2026

2026-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.


Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн 10 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына киргизилген. Алардын ичинен 3 талапкер өз талапкерликтерин чакыртып алып, конкурска андан ары катышуудан баш тартышкан. Конкурстун жыйынтыгы боюнча баардык талапкерлер босого баллдан өттү.


Аңгемелешүүнүн  жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимине ылайык конкурстун жыйынтыгында эң көп балл алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентине Жалал-Абад облусунун Сузак  райондук сотунун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-suzakskogo-rajonnogo-suda-dzhalal-abadskoj-oblasti-3