2025-жылдын 14-16-июнунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңеши Чуй облусунун Москва райондук сотунун бир бош кызмат ордуна, Кара-Көл райондук сотунун бир бош кызмат ордуна жана Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.
Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо максатында аңгемелешүү өткөрдү.
Жазуу тапшырмасы талапкерлердин коюлган маселени талдоо көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн аныктоо, ошондой эле документти тариздөөнүн жалпы эрежелерин жана грамматиканын ченемдерин сактоо менен өз тыянактарын жазуу жүзүндө сабаттуу, ырааттуу жана аргументтүү баяндоо максатында жүргүзүлөт.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдерине ылайык, конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Чуй облусунун Мосвка райондук сотунун, Кара-Көл райодуксотунун жана Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьяларынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.