KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьяларынын эки бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрүлдү

17 апреля 2026

2026-жылдын 16-17 апрелинде Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьяларынын эки бош кызмат орундарына конкурстук тандоону өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.


Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьяларынын эки бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн 12 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына киргизилген. Алардын ичинен 1 талапкер өз талапкерликтерин чакыртып алып, конкурска андан ары катышуудан баш тартышкан жана 1 талапкер конкурстук тандоого келген жок. Конкурстун жыйынтыгы боюнча 10 талапкер босого баллдан өтүү.


Аңгемелешүүнүн  жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимине ылайык конкурстун жыйынтыгында эң көп балл алган талапкерлер Кыргыз Республикасынын Президентине Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына дайындоо үчүн Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-dve-vakantnye-dolzhnosti-sudej-kara-suujskogo-rajonnogo-suda-oshskoj-oblasti