2025-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин аянтчасында сот системасындагы жаңы санариптик чечимдердин бет ачары болуп өттү. Иш-чаранын алкагында «Түндүк» электрондук мамлекеттик кызматтар платформасынын судьялык кызматтарга талапкерлерди электрондук тандоо боюнча автоматташтырылган маалыматтык системасы менен интеграциясы сунушталды.
Платформанын адистери техникалык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүп, системаны негизги мамлекеттик реестрлерге туташтыруу процесси жөнүндө айтып беришти: талапкерлердин жеке маалыматтары, алардын мүлкү («Кадастр» МИ жана «Унаа» МИ базалары аркылуу), билими, ошондой эле наркологиялык жана психологиялык абалы жөнүндө медициналык корутундулар. Мындай интеграция маалыматтарды автоматтык жана коопсуз текшерүүгө мүмкүндүк берет, бул сотторду тандоонун калыстыгын жана ачыктыгын бир топ жогорулатат.
Акыркы баскычта ИИМ жана КР Мамлекеттик салык кызматынын базаларына туташууну аяктоо калды. Андан соң система ведомстволор аралык маалымат алмашууну толук камсыздап, сот системасындагы кадр саясатынын негизги куралы болуп калат.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү соттордун ишинин сапатына кесиптик баа берүү жөнүндө жаңы Жобо дагы сунушталды. Аталган документ менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова тааныштырып, баалоо системасы так критерийлерге жана баллдык шкалага негизделгенин, ал өз кезегинде соттордун ишин адилеттүү жана ачык баалоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Кабыл алынган демилгелер сот системасына болгон ишенимди бекемдөөгө жана Кыргызстанда укуктук мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган.
Презентацияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү — сот органдары жана прокуратура менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Зарема Конгантиева, ошондой эле бул бөлүмдүн эксперттери Данияр Шейшеканов, Эльмира Джумашова, Тимур Карабаев жана Талгатбек Калиев катышты.
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу «Түндүк» ААКсынан иш-чарага Сот системасын санариптештирүү департаментинин директору Апсамат Мырзакматов, департаменттин башкы программисти Бактилек Таалайбек уулу жана департаменттин бизнес-аналитиги Айпери Исакеева катышты.
Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрагасы Айбек Молдакунов жана анын орун басары Эльмира Барыктабасова, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөлөрү катышты.