Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Айбек Молдакунов «Sputnik Кыргызстан» маалымат агенттигинде конок болду, биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резерв институтун киргизүү жана судьялык кызматка талапкерлерди тандоо процессин санариптештирүү тууралуу айтып берди.
Маектин жүрүшүндө Кеңештин төрагасы биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резерв институтун киргизүүнүн максаттарына жана артыкчылыктарына кеңири токтолду.
Белгиленгендей, жаңы механизм конкурстук тандоо жол-жоболорунун натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн жогорулатууга, биринчи инстанциядагы соттордогу бош судьялык кызмат орундарын өз убагында толтурууну камсыз кылууга, ошондой эле жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин арттырууга багытталган.
Мындан тышкары, жаңы электрондук платформанын мүмкүнчүлүктөрү, анын конкурстук тандоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуудагы, адам факторунун таасирин минималдаштыруудагы ролу жана судьялык кызматка талапкерлерди тандоонун жаңы механизми тууралуу кеңири маалымат берилди.
