Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясы кызматына талапкерлерди тандоо конкурсунун алкагында өткөрүлүүчү компьютердик тестирлөөнүн суроолору жаңылангандыгы тууралуу маалымдайт.
Биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резервин киргизүүнү камтыган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү мыйзам 2025-жылдын 5-декабрында күчүнө кирген.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык («Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңеши жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдарга) 21-3-беренесинде Сот адилеттиги боюнча кеңеши биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына дайындалуучу талапкерлердин резервин конкурстук негизде түзөрү (мындан ары — талапкерлердин резерви) каралган.
Талапкерлердин резервине киргизүү боюнча конкурсту өткөрүү тартиби «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен жөнгө салынат.
Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резервине киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Конституциялык сотунун судьялык кызмат орундарына талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөөнүн жаңы суроолору иштелип чыккан.
Тесттик тапшырмаларды актуалдаштыруу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде түзүлгөн жумушчу топ тарабынан жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында тесттик тапшырмалар Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына толугу менен шайкеш келтирилди. Жаңыланган компьютердик тестирлөөнүн суроолору талапкерлердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин текшерүүгө багытталган.
