KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Ош облусунун Ош шаардык сотунун 2 бош судьялык кызмат ордуна сынактык тандоо башталды

25 ноября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 25-ноябрында Ош облусунун Ош шаардык сотунун эки бош судьялык кызмат ордуна конкурстук тандоо башталды. Сынак 2025-жылдын 25–28-ноябрында өткөрүлөт.


Конкурстук тандоонун алкагында талапкерлер конкреттүү укуктук жагдайларды чечүүгө багытталган жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышат жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык алардын кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын баалоо үчүн аңгемелешүүдөн өтүшөт.


Жазуу жүзүндөгү тапшырма талапкерлердин укуктук кырдаалдарды талдоо жана тыянактарды ырааттуу, жүйөлүү жана сабаттуу, документтердин талаптарына ылайык келтирүү жөндөмүн аныктоого багытталган.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечиминин негизинде эң көп балл алган талапкерлер Кеңеш тарабынан Ош шаардык сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Белгилей кетсек:



  • 2–4-декабрь күндөрү Ош облусунун Араван райондук сотунун бир бош судьялык кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүлөт;

  • 5-декабрда Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун бир бош судьялык кызмат ордуна конкурстук тандоо өтөт;

  • 9–11-декабрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун бир бош судьялык кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүлөт.