KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Ош облусунун Араван райондук сотунун 1 бош судьялык кызмат ордуна сынактык тандоо башталды

02 декабря 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 2-декабрында Ош облусунун Араван райондук сотунун бир бош судьялык кызмат ордуна конкурстук тандоо башталды. Сынак 2025-жылдын 2–3-декабрында өткөрүлөт.


Конкурстук тандоонун алкагында талапкерлер конкреттүү укуктук жагдайларды чечүүгө багытталган жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышат жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык алардын кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын баалоо үчүн аңгемелешүүдөн өтүшөт.


Жазуу жүзүндөгү тапшырма талапкерлердин укуктук кырдаалдарды талдоо жана тыянактарды ырааттуу, жүйөлүү жана сабаттуу, документтердин талаптарына ылайык келтирүү жөндөмүн аныктоого багытталган.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечиминин негизинде эң көп балл алган талапкер Кеңеш тарабынан Ош облусунун Араван райондук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.