KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер үчүн маалымат: АМТ аркылуу документтерди электрондук түрдө тапшыруу

28 июля 2026

Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлерди тандоо процессине заманбап маалыматтык технологиялар киргизилип, «Түндүк» ААК тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (АМТ) өндүрүштүк пайдаланууга берилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат орундарына конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлөт.


Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон жарандарга практикалык жардам көрсөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (АМТ) менен иштөө боюнча колдонуучунун Колдонмосун жарыялайт. Колдонмодо катталуу, документтерди тапшыруу жана конкурстук тандоонун бардык этаптарынан электрондук форматта өтүү боюнча этап-этабы менен көрсөтмөлөр камтылган.



  • Катталуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу өтсө болот: https://tandoo.sot.kg/cabinet/sign-in

  • «Түндүк» бирдиктүү идентификациялоо тутуму аркылуу төмөнкү ыкмалардын бири менен авторизациядан өтүңүз:

    • булуттук электрондук кол тамга аркылуу;

    • ID-карта аркылуу;

    • «Түндүк» мобилдик тиркемесиндеги аркылуу QR-код аркылуу.




Система менен иштөөнү жеңилдетүү максатында «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо» АМТ боюнча колдонуучунун Колдонмосу жана видео-нускама даярдалган. Колдонмодо катталуу, арыз берүү, зарыл документтерди жүктөө, конкурстук тандоонун этаптарынан өтүү, билдирүүлөрдү алуу, арыздын абалын көзөмөлдөө жана апелляция берүү боюнча этап-этабы менен көрсөтмөлөр камтылган. Ал эми видео нускама бул аракеттерди аткаруунун тартибин көрсөтөт.


Шилтеме: «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо» АМТ боюнча колдонуучунун Колдонмосу


Видео нускамага шилтеме:  https://www.youtube.com/watch?v=sNZM3_2iUt4


Конкурстук тандоого катышуу жөнүндө арыздын формасы жана талапкердин анкетасы Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин расмий сайтында жайгаштырылган жана төмөнкү шилтемелер аркылуу жеткиликтүү.


КР КС судьясынын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкердин анкетасы


 Арыз кыргыз тилинде (КР КС)


Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө боюнча суроолордун тизмеси