KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөлөрү "Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы"коомдук бирикмесинин жыл сайын өтүүчү Х конференциясына катышты

09 декабря 2024

2024-жылдын 6-декабрында «Укуктук адилеттүүлүктү бекемдөө: акысыз укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгү, сот тутумундагы аялдарды колдоо жана гендердик зомбулуктун алдын алуу» темасындагы «Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы»коомдук бирикмесинин жыл сайын өтүүчү конференциясы болуп өттүү.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасынын орун басары Болотбек Акматов жана кеңештин мүчөсү Дамира Сагынбекова катышты.


Конференциянын жүрүшүндө региондорду камтуу үчүн санариптик инструменттерди колдонуу менен акысыз укуктук жардамга жетүүнү кеңейтүү, аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле Аял-судьялардын лидерлик позицияларын бекемдөө талкууланды.


Эки күндүк конференцияга Кыргыз Республикасынын судьялары, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышкандыгын белгилейбиз.