KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Конституциялык соттун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо аяктады

10 ноября 2022

2022-жылдын 9-10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Конституциялык соттун судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын 2 бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Белгилей кетсек, конкурстук тандоого катышууга 15 талапкер документтерин тапшырган, 1 талапкер тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого балл ала алган эмес, 1 талапкер тестирлөөгө келбей койгон жана 6 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган.


7 талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо үчүн алар менен маектешүү өткөрдү.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык 7 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.


Сынактык тандоонун жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча эң көп балл алган талапкерлердин материалдары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.


Эскерте кетсек, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 19-пунктуна ылайык Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьялары жаш курагынын чегине жеткенге чейин бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен шайланат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: