KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Кеңеш 2020-жылга декларация берүүнү кыска мөөнөттө сурайт

06 апреля 2021

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 21-беренесине ылайык конкурстук тандоого катышкан адам декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларды берүүгө милдеттүү.


Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине көптөгөн талапкерлер 2018-2019-жылдарга талапкердин кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларды мурда бергендигине байланыштуу, Кеңеш 2020-жыл үчүн декларацияларды кыска мөөнөттө берүүнү сурайт.


Эскертүү::

Кеңештин секретариаты тарабынан кошумча документтер талапкерлерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин кабыл алынышы мүмкүн.