KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кеңеш Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

14 сентября 2022

Бүгүн 2022-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоодон өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык өткөрдү.


Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык мурда жарыяланган конкурстук тандоону өткөрдү.


Белгилей кетсек, жыйырма жети талапкер конкурстук тандоого катышууга документтерди тапшырышкан, он бир талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтушкөн, алардын бири да Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллды албай калышкан.


Он эки талапкер сынактык тандоого катышуудан өз талапкерлигин алып салышты.


Үч талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты (жазуу тапшырмасы) жана талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүүдөн өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча бардык үч  талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллдан өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталды.