KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык 1 бош кызмат ордуна жарыялаган сынакка талапкерлердин өздүк иштерин кабыл алуу мөөнөтүн 2020-жылдын 5-мартына чейин узартат.

02 марта 2020

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык 1 бош кызмат ордуна жарыялаган сынакка талапкерлердин өздүк иштерин кабыл алуу мөөнөтүн 2020-жылдын 5-мартына чейин узартат.


Арызды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариаты Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык 1 бош кызмат ордуна 2020-жылдын 17-февралынан 5-мартына чейин 9:00дон 17:30га чейин кабыл алат. Дареги: Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 1-кабат, 2-кабинет. Кошумча маалыматты (0777) 55-19-91 жана (0558) 88-72-34 телефон номерлерине чалып же www.otbor.sot.kg сайтынан алууга болот.


Арызга тиркелүүчү документтер:



  • паспорттун көчүрмөсү;

  • жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

  • эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштоо стажы тастыктаган башка документтер;

  • сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык корутунду (№086 үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ справкалар);

  • талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар (бар болсо);

  • 3х4 өлчөмдөгү бир фотосүрөт;

  • 2019-жылдын Бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;

  • тиркеме папка.


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариатына келип «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат, же үлгүсүн расмий сайттан алса болот.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар:



  1. Кыргыз Республикасынын жараны;

  2. Жашы – 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес;

  3. «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;

  4. Юридикалык кесиби боюнча он беш жылдан кем эмес эмгек стажы;

  5. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.