KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши республика боюнча райондук, шаардык соттордогу судьялык бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт

13 мая 2019

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши республика боюнча райондук, шаардык соттордогу судьялык бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт


Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши


К У Л А К Т А Н Д Ы Р У У


Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторунун судьялык 2ден бош орун кызмат орундарына, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялык 3 бош кызмат ордуна; Чүй облсунун Сокулук жана Жайыл райондук сотторунун судьялык 2 ден бош орун кызмат орундарына, Чүй облусунун Аламүдүн, Кемин, Москва, Панфилов, Ысык-Ата, Чүй райондук сотторунун судьялык 1 ден бош орун кызмат орундарына жана  Токмок шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;  Ош облусунун Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чон-Алай райондук сотунун судьялык 1 ден бош орун кызмат орундарына жана Ош шаардык сотунун судьялык 1 бош орун кызмат ордуна; Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал райондук сотунун судьялык 1 ден бош кызмат орундарына жана  Майлуу-Суу, Кара-Көл, Джалал-Абад, Таш-Көмүр шаардык сотунун судьялык 1 ден бош орун кызмат орундарына; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң райондук сотунун,  Балыкчы жана Каракол шаардык сотунун судьялык 1 ден бош орун кызмат орундарына жана Түп райондук сотунун судьялык 2 бош орун кызмат ордуна;  Нарын облусунун  Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондук сотунун судьялык 1 ден бош орун кызмат орундарына;  Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондук сотунун жана Талас шаардык сотунун судьялык 1 ден бош орун кызмат орундарына; Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек райондук сотунун жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык сотунун судьялык 1 ден бош орун кызмат орундарына жана  Баткен райондук сотунун судьялык 2 бош орун кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.


Арызды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариаты 2019-жылдын 14-майынан 27-майына чейин 10 жумушчу күн ичинде 09:00дон 17:30га чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 1-кабат, 2-кабинет. Кошумча маалыматты (0777) 55-19-91 жана (0558) 88-72-34 телефон номерлерине чалып же www.otbor.sot.kg сайтынан алууга болот.


Арызга тиркелүүчү документтер:



  • паспорттун көчүрмөсү;

  • жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

  • эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштоо стажы тастыктаган башка документтер;

  • сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык корутунду (№086 үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ справкалар);

  • бирдиктүү салык декларациясы;

  • талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар (бар болсо);

  • 3х4 өлчөмдөгү бир фотосүрөт;

  • тиркеме папка.


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариатына келип «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат, же үлгүсүн расмий сайттан алса болот.


Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьялыгына талапкерге коюлуучу талаптар:



  • Кыргыз Республикасынын жараны;

  • Жашы 30 жаштан жаш эмес, 65 жаштан улуу эмес;

  • Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими

  • Юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.