KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна жана Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.

14 ноября 2019

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши


Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши  Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна жана Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт



Арызды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариаты 2019-жылдын 18-ноябрынан  5-декабрга  чейин 14 жумушчу күн ичинде 09:00дон 17:30га чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат. Кошумча маалыматты (0777) 55-19-91 жана (0558) 88-72-34 телефон номерлерине чалып же www.otbor.sot.kg сайтынан алууга болот.


 


Арызга тиркелүүчү документтер:



  • паспорттун көчүрмөсү;

  • жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

  • эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштоо стажы тастыктаган башка документтер;

  • сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык корутунду (№086 үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ справкалар);

  • талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар (бар болсо);

  • 3х4 өлчөмдөгү бир фотосүрөт;

  • 2018-жылдын Бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;

  • арызга тиркелген документтердин тизмеси;

  • тиркеме папка.


 


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариатына келип «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат. (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).


 


Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьялыгына талапкерге коюлуучу талаптар:



  • Кыргыз Республикасынын жараны;

  • Жашы 30 жаштан жаш эмес, 65 жаштан улуу эмес;

  • Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими

  • Юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны.


 


Конкурстук тандоого киргизүү боюнча маселе каралганга чейин талапкерлер Кеңеш тарабынан  суратылган мамлекеттик органдардардан келип түшкөн  документтер менен таанышууга укуктуу.