KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялык бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт

22 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык 3 бош кызмат ордуна, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Бишкек шаарынын Октябрь, Свердлов жана Ленин райондук сотторунун судьялык үчтөн бош кызмат орундарына, Чүй облусунун Кемин жана Сокулук райондук сотторунун судьялык бирден бош кызмат орундарына, Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Жалал-Абад облусунун Администрадивдик сотунун судьялык 2 бош кызмат ордуна, Нарын облусунун Администрадивдик сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.


 


Арызды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариаты 2020-жылдын 24-сентябрынан  7-октябрына чейин 10 жумушчу күн ичинде жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына 2020-жылдын 24-сентябрынан 13-октябрына чейин 09:00дон 17:30га чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат. Кошумча маалыматты (0777) 55-19-91 жана (0558) 88-72-34 телефон номерлерине чалып же www.otbor.sot.kg сайтынан алууга болот.


 


Арызга тиркелүүчү документтер:



  • паспорттун көчүрмөсү;

  • жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана ЖОЖдан берилген архивдик справкасы;

  • эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштоо стажы тастыктаган башка документтер;

  • сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык корутунду (№086 үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ справкалар);

  • талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктары (бар болсо);

  • 3х4 өлчөмдөгү бир фотосүрөт;

  • 2019-жылдын Бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;

  • арызга тиркелген документтердин тизмеси;

  • тиркеме папка.


 


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариатына келип «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат. (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).


 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар:



  1. Кыргыз Республикасынын жараны;

  2. Жашы – 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес;

  3. «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;

  4. Юридикалык кесиби боюнча он жылдан кем эмес эмгек стажы;


 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар:



  1. Кыргыз Республикасынын жараны;

  2. Жашы – 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес;

  3. «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;

  4. Юридикалык кесиби боюнча он беш жылдан кем эмес эмгек стажы;

  5. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


 


 


Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьялыгына талапкерге коюлуучу талаптар:



  • Кыргыз Республикасынын жараны;

  • Жашы 30 жаштан жаш эмес, 65 жаштан улуу эмес;

  • Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими

  • Юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны.


 


Конкурстук тандоого киргизүү боюнча маселе каралганга чейин талапкерлер Кеңеш тарабынан  суратылган мамлекеттик органдардардан келип түшкөн  документтер менен таанышууга укуктуу.