KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жана аяктап бараткан жергиликтүү соттордун судьяларынын документтерин иликтеп баштады

02 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши бүгүнтөн баштап ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап калган жергиликтүү соттордун судьялардын документтери менен таанышууда. Бүгүнкү күндө республика боюнча жергиликтүү соттордун 30 дан ашык  судьянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап калган.


Судьяларды тандоо боюнча кеңеши өз кезегинде  талапкерлердин документтерин иликтеп бүткөндөн кийин аңгемелешүүгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Андан соң алар «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши» жөнүндө Мыйзамдын негизинде  кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарды аныктоо боюнча  аңгемелешүүдөн өтүшмөкчү.


Белгилей кетсек, аңгемелешүүгө киргизүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеши  талапкерлердин документтерин жана алардын мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун, декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын жана талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматты (талапкерге пикирлерди, сунуштамаларды) иликтейт жана анын жыйынтыгы боюнча  кеңеш талапкерди аңгемелешүүгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.