2022-жылдын 14-15-июлунда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун судьясынын бош кызмат ордуна мурда жарыяланган конкурстук тандоону өткөрдү.
Жогоруда аталган соттун судьясынын бош кызмат ордуна конкурстук тандоого бардыгы 8 талапкер катышты. Конкурстук тандоого катышууга документтерди 18 адам тапшырган. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 3 талапкер чектик баллдан аша алышкан жок жана 7 талапкерлер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алышты.
Калган 8 талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу тапшырмаларын аткарып, талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча маектешүүдөн өтүштү. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 4 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген чектик балл алышкан жок.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун судьясынын кызматына эң жогорку балл алган Асанбаев Нуркалый Жумабековичти дайындоо жөнүндө сунуш жөнөтүлдү.
Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-dzhety-oguzskogo-rajonnogo-suda-issyk-kulskoj-oblasti-2