KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын эки бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

09 сентября 2022

2022-жылдын 7-8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын эки бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоодон өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык өткөрдү.


Белгилей кетсек, кырк төрт талапкер конкурстук тандоого катышууга документтерди тапшырышкан, тогуз талапкер компьютердик тестирлөөдөн өткөн, алардын бири да Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллды албай калышкан.


Он тогуз талапкер сынактык тандоого катышуудан өз талапкерлигин алып салышты, документтерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча үч талапкер сынактык тандоого киргизилген жок, эки талапкер келген жок.


Тогуз талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты (жазуу тапшырмасы) жана талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүүдөн өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча алты талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллдан өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталды.