KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Балыкчы шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо аяктады

10 сентября 2022

2022-жылдын 09-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Балыкчы шаардык сотунун судьясынын бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоодон өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык өткөрдү.


Белгилей кетсек, он төрт талапкер конкурстук тандоого катышууга документтерди тапшырышкан, беш талапкер компьютердик тестирлөөдөн өткөн, алардын бири да Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллды албай калышкан.


Үч талапкер сынактык тандоого катышуудан өз талапкерлигин алып салышты, документтерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча үч талапкер сынактык тандоого киргизилген жок.


Үч талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты (жазуу тапшырмасы) жана талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүүдөн өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча бардык үч талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллдан өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталды.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: http://otbor.sot.kg/post/sovet-po-delam-pravosudiya-kyrgyzskoj-respubliki-provyol-konkursnyj-otbor-na-1-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-balykchinskogo-gorodskogo-suda