KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары менен маектешүү өткөрдү

06 июля 2022

2022-жылдын 5-6-июлунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 22-беренесине ылайык Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука райондук сотторунун, Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун, Нарын облустук сотунун, Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун, Ош облустук сотунун, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьялары менен маектешти.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Конституциялык мыйзамга ылайык Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өтүп жаткан судьялардын арыздарын карап чыгып, талапкерлердин маанилүү кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрөт.


Маектешүүнүн жана ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентине жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна чектүү жаш курагына жеткенге чейин дайындоо үчүн жиберилет.


Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечиминин негизинде Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука райондук сотторунун, Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун, Нарын облустук сотунун, Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун, Ош облустук сотунун, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьялары чектүү жаш курагына жеткенге  чейин судья кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.



  1. Солпуева Назира Мукамендиевна – Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук соту;

  2. Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич – Нарын облусунун Жумгал райондук соту;

  3. Осмонов Тарасбек Сапарбекович – Жалал-Абад облусунун Ноокенский райондук соту;

  4. Каримова Жыпар Кудайбердиевна – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту;

  5. Бейшеев Камбарбек Арзыбаевич – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук соту;

  6. Койломбаев Азамат Ишимбекович – Нарын облустук соту;

  7. Абдырахманов Рахманаали Аширалиевич – Ош облусунун Чоң-Алай райондук соту;

  8. Акылбекова Джамиля Дилдебековна – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту;

  9. Исажанов Келдибек Сайдахматович – Ош облустук соту.