KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясынын бош кызмат ордуна аңгемелешүүнүн жыйынтыгы

16 сентября 2022

Бүгүн 2022-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясынын эки бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоодон өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык өткөрдү.


Белгилей кетсек, он тогуз талапкер конкурстук тандоого катышууга документтерди тапшырышкан, документтерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча бир талапкер сынактык тандоого киргизилген жок.


Алты талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүшкөн, анын ичинен бир талапкер гана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллдан өтүштү.


Алты талапкер сынактык тандоого катышуудан өз талапкерлигин алып салышты.


Жети талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты (жазуу тапшырмасы) жана талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүүдөн өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча төрт талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллдан өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкерлерди Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталды.