KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Конституциялык соттун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо башталды

09 ноября 2022

Бүгүн 2022-жылдын 09-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын 2 бош кызмат ордуна сынактык тандоо башталды.


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен сынактык тандоодон өтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын эки бош кызмат ордуна сынактык тандоо өткөрөт.


Беш талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды (жазуу жүзүндөгү тапшырма) аткарышты, андан кийин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо үчүн аңгемелешүү өткөрдү.


Эскерте кетсек, сынактык тандоо 2022- жылдын 09-10 ноябрына чейин өтөт.