KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Конституциялык соттун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүштү

02 ноября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын эки бош кызмат ордуна жарыяланган конкурстук тандоого тестирлөө өткөрдү .


Конституциялык соттун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүштү.


«Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык компьютердик тестирлөөдөн төмөнкүлөр өтөт:



  • судьянын кызмат ордуна биринчи жолу талапкер болгон адамдар;

  • Конкурска катышууга арыз берүү мөөнөтү менен судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуу мөөнөтү он жылдан ашкан судьялык иш стажы бар адамдар.


Компьютердик тестирлөөдөн төмөнкүлөр өтүшпөйт:


Экзамен тапшыргандыгы жөнүндө сертификат алган адамдар (компьютердик тестирлөө) жана конкурска катышууга арыз берген учурда анын жарактуулук мөөнөтү бүтө элек болсо.


Компьютердик тестирлөөдөн өткөн эки талапкердин ичинен 1 талапкер гана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өттү.


Белгилей кетсек, 15 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоого катышууга документтерин беришкен.