2022-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна мурда жарыяланган сынактык тандоого документтерди кабыл алуу аяктады.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши 2022-жылдын 09-сентябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьясынын кызмат ордуна 19 бош орунга сынак жарыялаган.
Сынактык тандоого катышууга 391 талапкер документтерин тапшырган.
Сынактык тандоо төмөнкү этаптардан турат:
- компьютердик тестирлөө;
- жазуу тапшырмасын аткаруу;
- берилген документтерди баалоо;
- маанилүү кесиптик жана эрктүү сапаттарды аныктоо үчүн маектешүү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 8-пунктуна ылайык курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.
Талапкерлердин тизмеси: http://otbor.sot.kg/post/spisok-kandidatov-na-1-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-issyk-kulskogo-oblastnogo-suda
http://otbor.sot.kg/category/rajonnye-kandidaty
http://otbor.sot.kg/category/gorodskie-kandidaty